Жаңылыктар
ШКУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары жөнүндө
13-14-июлда Дүйшөмбү шаарында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С.В.Лавров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ШКУ ТИМК) жыйынына катышты.
Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгынын урматында өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин сентябрь айындагы жыйынын мазмундуу толтуруу маселелерине артыкчылыктуу көңүл бурулду. Лидерлер өткөн мезгилдеги биргелешкен иштин жыйынтыктарын талдап, ШКУнун ишмердигине жаңы динамиканы жана сапатты берүү, анын дүйнөлүк иштердеги ролун жогорулатуу боюнча негизги багыттарды жана биринчи кезектеги кадамдарды аныкташат.
Министрлер ШКУга мүчө-мамлекеттердин саясат, коопсуздук, экономика жана гуманитардык байланыштар жаатындагы кызматташтыгын алга жылдырууга багытталган документтерди даярдоонун жүрүшүн карап чыгышты. Көп кырдуу милдеттерди чечүүгө болгон жалпы мамиле ШКУнун 20 жылдыгынын Дүйшөмбү декларациясында, профилдик программаларда жана иш-аракеттердин пландарында чагылдырылат. Тиешелүү долбоорлорду эксперттик иштеп чыгуу уланууда.
ТИМКнын күн тартибиндеги актуалдуу эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдүн ичинен өзгөчө орунду Афганистан Ислам Республикасындагы чет өлкөлүк аскерлерди бул өлкөдөн чыгарып кетүүнүн шартындагы кырдаал ээледи. АИРдин тышкы иштер министринин катышуусу менен “ШКУ-Афганистан” Байланыш тобунун форматындагы жолугушуу болуп өттү. ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер органдарынын башчылары тарабынан кабыл алынган билдирүүдө, атап айтканда, Афганистандагы чыр-чатакты саясий диалог жолу менен жөнгө салуунун альтернативасы жоктугу жөнүндө жана инклюзивдүү тынчтык жараянын афгандыктар тарабынан жана афгандыктардын өзүлөрүнүн жетекчилиги астында жүзөгө ашыруу боюнча принципиалдуу көз караш тастыкталды.
С.В.Лавров ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Маалымат булагы: Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги
Издөө
РУС