Жаңылыктар

Назад

С.В.Лавров Россиянын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базалары жөнүндө имиштерди четке какты

С.В.Лавровдун “Интерфакс” маалымат агенттигине берген маегинен (Москва, 21-июль 2021-жыл)

***

Суроо: Саммитте биз америкалыктарга Кыргызстандагы жана Тажикстандагы базаларыбызды пайдаланууну сунуш кылганыбыз жөнүндө чыгып кеткен имиш канчалык деңгээлде чын?

С.В.Лавров: Биз Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун ыкчам чара көрүү боюнча жамааттык күчтөрүнүн бөлүгү болгон базаларга америкалыктарды кантип чакыра алабыз? Биз азыр эле талкуулаган, бир тарап жыйырма сегиз үчүн чечим чыгарган мисалдан айырмаланып, биз өз милдеттенмелерибизге ылайык иш алып барабыз. ЖККУнун күчтөрүнүн бир бөлүгү болгон базаларга биз союздаштарыбызга билдирбей, чакыра албайбыз. Афганистан боюнча биздин байланыштарыбызды улантуунун алкагында Россия-Кытай-АКШ “үчүлүгү” форматында, кеңейтилген “үчүлүк” (ага Пакистан кошулган) жана башка форматтарда Афганистандагы кырдаалды тынчытууга көмөктөшүүгө жана “жердеги” иштин чыныгы абалы жөнүндө маалымат алмашууга даярбыз.

Биз өзүбүздүн базаларыбыз аркылуу алып жаткан маалымат, ошондой эле биздин союздаштарыбызда дагы бар, ал эми алар сүйлөшүү жараяндарына түздөн-түз катышууда. Бул маалыматтар “жердеги” тынчтыкка чындап жардам берүүнү каалагандар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Азырынча мындай тынчтыкка эч ким жетише элек. Америкалыктар тарабынан жигердүү демөөрчүлүк кылынган саясий сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. Сүйлөшүүлөр, менин түшүнүгүм боюнча, улантылат. Бул жакшы. Кызматташуу - ооба, маалымат алмашуу - ооба, бирок андан башка эч нерсе болбойт.

***

 

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С.В.Лавровдун “Интерфакс” маалымат агенттигине берген маегинин толук тексти (маектин толук тексти орус тилинде)