Россияга кирүү тартибиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө

7-июлдан тарта Башкы санитардык дарыгердин токтому күчүнө кирди. Анда Россияга кирүү эрежелери такталган.

2021-жылдын 10-июлунан тарта Кыргызстандын жана ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринин жарандары Россияга киргенде “COVID-19суз саякаттоо” тиркемеси аркылуу Россияга келгенге чейин акыркы 72 саат аралыгында жасалган ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүсү зарыл.  

Чет өлкөдөн келген Россиянын жарандары келген күндөн кийин үч күндүн ичинде бир жолу ПЧР-тесттен өтүп, жыйынтыгы чыкканга чейин жашаган (жүргөн) жери боюнча обочолонууга тийиш.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында вакцина алгандыгы (12 айга жарактуу) же COVID-19 менен ооругандыгы (6 айга жарактуу) тууралуу электрондук сертификат болгон учурда ПЧР-тестти тапшырбаса болот.