Жаңылыктар
Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү улантууда
БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Аткаруу комитети “COVID-19дан кийин Евразия чөлкөмүндө нарктын туруктуу жана диверсификацияланган чынжырчаларын түзүү” долбоорун жактырды, ал Россиянын БУУ ЕЭКке ыктыярдуу төлөмүнөн каржыланат.
Долбоордун жалпы бюджети - 249 миң АКШ доллары. Ишке ашыруу мөөнөтү - үч жыл. Бенефициар-өлкөлөр - Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан.
Долбоор Комиссиянын алкагында иштелип чыккан ченемдер менен стандарттарды камтыган БУУ ЕЭКтин тийиштүү шаймандарын колдонуу менен аймактык жана глобалдык өндүрүштүк-сатуу боюнча чынжырчаларга (ӨСЧ) натыйжалуу интеграциялоо максатында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин потенциалын бекемдөөгө багытталган.
Долбоор COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы иштин эл аралык деңгээлде макулдашылган артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен иштелип чыккан жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын көрсөтмөлөрүнүн, анын ичинде “Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө глобалдык тилектештик” аттуу 74/270 резолюциясынын жана “COVID-19 пандемиясына баарын камтыган жана координацияланган чаралардын жообу” аттуу 74/306 резолюциясынын нугунда жүрүүдө.
Долбоор БУУ ЕЭК тарабынан БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясынын (ЮНКТАД), Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ), Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ), Дүйнөлүк соода институтунун (Берн, Швейцария) жана Жогорку экономика мектебинин (Москва) эксперттери менен бирге аракеттенүүнүн аркасында ишке ашырылат.
Россия эл аралык өнүгүүгө жардам көрсөтүүчү (ЭАӨЖ) донор катары туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн жалпы европалык аймактын муктаж өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында БУУ ЕЭК менен жигердүү кызматташат. Россиянын жардамынын артыкчылыктуу алуучулары болуп КМШ өлкөлөрү, атап айтканда ЕАЭБ боюнча биздин өнөктөштөр саналат. Россия Федерациясынын ЭАӨЖ жаатындагы Мамлекеттик саясатына ылайык БУУ ЕЭКтин линиясы боюнча техникалык жардам долбоорлорун каржылоону улантабыз.
Издөө
РУС