Жаңылыктар

Назад

Россия Борбордук Азия аймагында трансчекаралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт

БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Аткаруу комитети “Борбордук Азиянын экономикалары үчүн БУУнун Атайын Программасынын (СПЕКА) аймактагы туруктуу соода максатында трансчекаралык кызматташтыкты бекемдөө” долбоорун жактырды. Ал Россиянын БУУ ЕЭКке ыктыярдуу төлөмүнөн каржыланат.  

Долбоордун алкагында (жалпы бюджети - 249 миң АКШ доллары, ишке ашыруу мөөнөтү - үч жыл) СПЕКА өлкөлөрүнүн (Афганистан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) ортосундагы туруктуу аймактык сооданы түзүү максатында саясий сунуштарды жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу пландаштырылууда. Айыл чарба өнүмдөрүнүн аймактык соодасын өнүктүрүү маселелерине, ошондой эле суу ресурстарын этияттык менен пайдаланууга жана камсыздоочулардын аймактык чынжырчаларын түзүүгө негизги көңүл бурулат.

Долбоорду ишке ашырууга БУУ ЕЭКтин, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ), Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ), БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) жана башка эл аралык түзүмдөрдүн соода жараяндарын жөнөкөйлөтүү жаатындагы эксперттери катышат.  

Россия көп жылдан бери БУУ ЕЭКтин жооптуу өнөктөшү, ишенимдүү жана белгилүү донору болуп саналат. 2008-жылдан бери биздин өлкө жыл сайын Комиссиянын бюджетине 1,2 млн. АКШ доллары өлчөмүндө ыктыярдуу төлөм төлөйт. Он эки жыл аралыгында төлөмдүн каражаттарынан жалпы суммасы 15 миллион долларга жакын 90дон ашык долбоор каржыланган. Негизги реципиенттер - КМШ өлкөлөрү, биринчи кезекте Борбордук Азия аймагынын мамлекеттери. Россия тарабынан каржыланган БУУ ЕЭКтин долбоорлору Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берет жана Россиянын жардамын алган өлкөлөрдө дайыма жогорку бааны алат.