Жаңылыктар
Назад
Кыргызстанга Россиянын “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясы келди
2021-жылдын 22-апрелинде Кыргызстанга Россиянын “Спутник V” вакцинасынын алгачкы 20 миң дозасы, анын ичинде гранттык негизде келди.
Вакцинаны жеткирүү Кыргызстандын Президенти С.Н.Жапаров менен Россиянын Президенти В.В.Путиндин 2021-жылдын февраль айында болгон сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылды.
Вакцинаны тапшыруу аземи “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков, Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С.Бейшеналиев жана Россиянын Элчиси Н.Н.Удовиченконун катышуусунда өттү.
Вакцинаны жөнөтүү улантылат.
Издөө
РУС