Жаңылыктар

Назад

Россиянын “Спутник V” вакцинасы Кыргызстанга жакын арада келет

Москвада Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары А.Л.Оверчук менен Кыргызстандын Биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиковдун жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызстандын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 24-25-февралында Москвага жасаган сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маселелери талкууланды. Тактап айтканда, жакын арада Кыргызстандын калкы үчүн “Спутник V” вакцинасын жеткирип баштоого даярдык тастыкталды.

Кыргызстандык мигранттардын Россияда жүрүүсүнүн көйгөйү каралды.  2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россиянын аймагынан тышкары чыгуу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү белгиленди.

Тараптар ошондой эле санариптештирүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Инвестициялык кооперацияны, экономикалык интеграцияны, гуманитардык өз-ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды жана долбоорлорду даярдоо жөнүндө макулдашууларга жетишилди.