Жаңылыктар

Назад

Россияга учуп жаткан Кыргызстандын жарандарынын эсине

Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын көзөмөлдөө кызматынын 09.04.2021-жылдагы №12 Токтомуна ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандары, анын ичинде Россия Федерациясына кирип жаткан Кыргызстандын жарандары “COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдонуп, ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы бар экендигин тастыкташы керек.

Азыркы учурда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 16.03.2020-жылдагы №635-р буйругунун №2 Тиркемесине ылайык, “COVID-19суз саякаттайм”  мобилдик тиркемесин колдонуп, ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын көргөзгөн шартта ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары, анын ичинде Кыргызстандын жарандары төмөнкү шаарларга учуп кете алышат: Москва, Санкт-Петербург, Анапа, Владивосток, Грозный, Екатеринбург, Жуковский, Казань, Калининград, Краснодар, Красноярск, Нижнекамск, Новосибирск, Ростов-на-Дону, Самара , Сочи, Уфа, Чкаловский.

Учуп кетүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

1.“COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин смартфонуңузга “AppStore” же “Google Play” жүктөө зарыл.

2. Сунуш кылынган тизмеден жакын жайгашкан лабораторияны табуу керек. Кабыл алууга жазылып, пландаштырылган учуу учурунда колдонула турган паспорт менен лабораторияга баруу керек.

3. Лабораторияда анкетаны толтуруу үчүн маалыматтарды берүү керек. Мобилдик тиркеме орнотулган телефон номерин көрсөтүп, тест тапшыруу керек.

4.Мобилдик тиркеменин жардамы менен арызда көрсөтүлгөн QR-кодун сканерлөө керек.

5.Учуп кетүүнүн алдында мобилдик тиркемеде тесттин жыйынтыктары жөнүндө маалымат жеткиликтүү экендигин жана мөөнөтү кетүү датасына жарактуу экендигин текшерүү керек (ПЧР-тест учууга чейин 72 сааттан эрте эмес тапшырылышы керек).

6. Учакка отурганда тиркемени колдонуу менен мобилдик телефондун экранынан QR-кодду көрсөтүү керек.