Жаңылыктар
Россиянын ТИМинин АКШнын кастык аракеттерине байланыштуу жооп чаралары тууралуу билдирүүсү
Дж.Байдендин Администрациясы тарабынан биздин өлкөгө каршы жасалган кезектеги чабуулу, албетте, жоопсуз кала албайт. Сыягы, Вашингтондо жаңы геосаясий реалдуулукта бир тараптуу диктатка орун жоктугу менен элдешкиси келишпейт окшойт, ал эми АКШ көрөгөчсүздүк менен коюмду коюну улантып жаткан банкрот болгон “Москваны токтотуу” сценарийлери россиялык-америкалык мамилелердин андан ары начарлашына гана алып келет.
Ушундай фондо океандын ары жагынан ырбатуудан алыс болууга, ал эми чындыгында алар биз менен күч позициясынан сүйлөшүүгө аракет кылып жаткандыктарына макул болууга эки жүздүүлүк менен чакырыктар айтылып жатат. Санкциялар жана башка кысымдардын келечеги жок жана мындай чагымдарга батынгандар үчүн каргашалуу кесепеттерге алып келээрин бир нече жолу эскертип, иш жүзүндө далилдегенбиз.
Россияга каршы санкцияларга жооп иретинде жакын арада төмөндөгүдөй каршы чаралар киргизилет.
- Өз ара мамиленин негизинде АКШнын дипломатиялык миссияларынын кызматкерлерин чыгаруу Американын бийликтери тарабынан россиялык дипломаттарга каршы жүзөгө ашырылып жаткан акцияга барабар санда жүргүзүлөт.
Айта кетүүчү нерсе, Варшава АКШнын администрациясына бат “үндөш” болуп, Польшадан үч россиялык дипломаттын чыгып кетишин талап кылгандыгына көңүл бурдук. Өз кезегинде Россиядан беш поляк дипломаты чыгарылат.
- Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иштешин камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик департаменттин линиясы боюнча кыска мөөнөттүү командировкага жиберилгендерди АКШнын Элчилиги тарабынан ишке тартуу практикасы чектелет. Аларга тийиштүү визаларды берүү төмөнкү чекке чейин азайтылат: жылына 10 адамга чейин эки тараптуу мамиленин негизинде.
- Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенцияларына жана Россиянын мыйзамдарына, анын ичинде Эмгек кодексине ылайык, АКШнын дипломатиялык миссиялары тарабынан Россия Федерациясынын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын арасынан административдик-техникалык кызматчыларды жалдоо практикасын толугу менен токтотуу чаралары көрүлөт.
- АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин Россия Федерациясынын аймагы боюнча жүрүү эрежелерин системалуу түрдө бузушуна байланыштуу, 1992-жылдагы “Ачык кургак жерге” карата түшүнүшүү жөнүндө” эки тараптуу Меморандумдун иш-аракети токтотулат.
- Бул Мамлекеттик департаменттин жана башка америкалык мамлекеттик түзүмдөрдүн көзөмөлүндөгү америкалык фонддордун жана бей өкмөт уюмдардын Россия Федерациясындагы ишмердигин токтотуу дегенди билдирет. Айрыкча, АКШ кеңири мыйзамдык базага таянып, системалуу түрдө жүргүзүп жаткан өзүнүн бузуку аракеттеринин арышын кыскартууга ниеттенбегендигинин фонунда узак убакыттан бери жана план негизинде жүргүзүлүп келе жаткан бул иш аягына чыгарылат.
- Учурда түзүлгөн өтө курч кырдаалдан биздин эки өлкөнүн элчилери кырдаалды талдоо жана консультацияларды өткөрүү үчүн өз борбор шаарларында болуусунун объективдүү зарылдыгы келип чыккандыгы айдан ачык.
Бул кадамдар - биздин колубуздагы мүмкүнчүлүктөрдүн бир бөлүгү гана. Америкалык тараптын билдирүүлөрүндө айтылып жаткан жаңы жазаларды киргизүү тууралуу коркутуулары, тилекке каршы, Вашингтондо бизди уккулары келбей тургандарын жана Б.Обама президент болгон мезгилден бери максаттуу түрдө шыкакталган чыңалуунун жогорку градусуна карабастан, биз көрсөткөн сабырдуулукту баалабай тургандарын көрсөтүп турат.
Эске салсак, 2016-жылдын декабрь айында россиялык дипломаттарды масштабдуу түрдө чыгарып жибергенден кийин жана Россиянын АКШдагы дипломатиялык менчик объектилерин басып алгандан кийин, биз жети ай бою жооп иретинде эч кандай кадамдарды жасаган эмеспиз. 2017-жылдын август айында Россия мыйзам деңгээлинде Американын душманы деп жарыяланганда гана биз реакция кылдык.
Жалпысынан, Россиянын АКШдагы дипломатиялык миссияларына салыштырмалуу Москвадагы Американын Элчилиги сан жагынан артыкчылыкка ээ жана жеринде кабыл алынган Россиянын жарандарынын жумушчу күчүн жигердүү колдонуп, кыйла ыңгайлуу шарттарда иштейт. Бул Вашингтондун тышкы саясатынын негизги доктриналык бекитилген багыттарынын бири болгон - биздин ички иштерибизге кийлигишүү боюнча көбүрөөк аракет кылуусу үчүн “титулдук” дипломаттарга убакытты бошотууга мүмкүндүк берген диспаритеттин формасы.
Айтмакчы, Россияга каршы багытты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катыштыгы бар америкалык сегиз учурда иштеп жаткан жана мурунку жогорку даражалуу чиновниктердин жана ишмерлердин ысымдары жакында Россиянын ТИМинин расмий порталында жарыяланат. Аларга Россия Федерациясына мөөнөтсүз негизде кирүүгө тыюу салынат. Бул АКШ өткөн айда өзүнүн “кара тизмесине” киргизген россиялык расмий адамдарга каршы санкцияларга күзгүдөй жооп.
Азыр АКШ тирешүү багытынан баш тартуу менен эстүүлүгүн көрсөтө турган мезгил келди. Болбосо, америкалык тарап үчүн оор болгон, мисалы, АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө Россиядагы персоналынын санын 300 адамга чейин кыскартуу буйругу сыяктуу чечимдердин топтому ишке ашырылат. Ошону менен чет өлкөдөгү эки тараптуу мекемелер боюнча чыныгы паритет орнотулат, анткени биз азыркыга чейин 455 кызматкерден турган америкалык квотаны аныктоодо Нью-Йорктогу БУУнун алдындагы биздин Туруктуу өкүлчүлүгүбүзгө командировкага жиберилген 155 адамды эсептейбиз.
Башка опциялар дагы бар. Америкалыктарга экономикалык жактан күзгүдөй “кысым” көрсөтүү боюнча биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү экенин биз, албетте, түшүнүп жатабыз. Бирок бул жаатта белгилүү бир ресурс бар, эгерде Вашингтондо санкциялык спираль боюнча жылууга артыкчылык бериле турган болсо, ал дагы колдонулат.
Мунун баары - биздин тандоо эмес. Биз АКШ менен мындан аркы курчуп кетүүдөн алыс болгубуз келет. Эки тараптуу байланыштарды жөнгө салуу жолдорун издөө кызыкчылыгында биз америкалык тарап менен тынч жана кесипкөй диалогго даярбыз. Бирок, чындыгында биз Вашингтон тараптан башка нерсени угуудабыз, ал эми иш жүзүндө биз таптакыр башка нерсени көрүп жатабыз. Күмөн саноо болбошу керек - бир дагы санкциялардын “толкуну” жазасыз калбайт.
Албетте, Президент Дж.Байдендин Россия менен “туруктуу, конструктивдүү жана болжолдонгон” мамилелерге кызыкдар экендиги, анын ичинде россиялык-америкалык саммит өткөрүү демилгеси жөнүндө айткандарын уктук. Бул сунуш айтылганда, ал оң кабыл алынды жана азыр реалдуу кырдаалдын контекстинде изилденип жатат.
Маалымат булагы: Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги
Издөө
РУС