Жаңылыктар

Назад

Кыргызстандын жарандары “Россиянын лидерлери” конкурсуна катыша алышат

Биринчи жолу “Россиянын лидерлери” конкурсунун эл аралык багытына чет элдик катышуучулар үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу ачылды.

Финалисттер Россия Федерациясында жашап туруу укугун, ал эми жеңүүчүлөр тездетилген тартип боюнча Россиянын жарандыгын жана 1 млн рубль билим берүү грантын ала алышат.

“Эл аралык” трекке катышуу үчүн талаптар:

- Россиянын жарандыгы жок;

- орус тилин билген; - жаш курагы 55 жашка чейин;

- эки жылдан кем эмес башкаруу тажрыйбасы бар болушу керек.

Катышууну каалагандар лидерыроссии сайтында 2021-жылдын 26-апрелине чейин катталууга тийиш.

Конкурс Россиянын Президенти В.В.Путиндин демилгеси менен 2018-жылы түзүлгөн “Россия - мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү” автономдук коммерциялык эмес уюму тарабынан өткөрүлүүдө.

Толук маалымат конкурстун сайтында жеткиликтүү - https: //xn--d1achcanypala0j.xn--p1ai/international2021