Жаңылыктар
Ю.А.Гагариндин космоско учуусунун 60 жылдык мааракеси
12-апрелде Ю.А.Гагариндин космоско учуусунун 60 жылдыгында Бишкектеги №25 мектепте Россиянын Элчисинин, Кыргызстандын Президентинин Аппаратынын, депутаттык корпустун жана шаардык мэриянын өкүлдөрүнүн катышуусунда биринчи космонавттын бюстун салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү.
Ошол эле күнү Россиянын Элчиси Н.Н.Удовиченко жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору А.И.Мусаев университеттин имаратында орнотулган Ю.А.Гагариндин мемориалдык тактасына гүл коюшту.
Кыргызстанда Ю.А.Гагариндин республикага 1964-жылы август айында келгендигин сыймыктануу менен эскеришет. Өлкөнүн жашоочулары легендарлуу советтик космонавттын элесин аздектеп сакташат, анын урматына көчөлөр, мектептер аталган, республиканын бардык жерлеринде мемориалдык такталар жана эстеликтер орнотулган.
Издөө
РУС