Жаңылыктар

Назад

Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын төртүнчү жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүсү

2021-жылдын 16-июлунда Ташкент шаарында өткөн Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын төртүнчү жолугушуусунун катышуучулары чет өлкөлүк аскерлерди бул өлкөдөн чыгарып кетүүгө жана андан кийин өкмөттүк күчтөр менен Талибан кыймылынын ортосундагы согуш аракеттеринин күч алышына байланыштуу Афганистандагы учурдагы кырдаал, айрыкча Борбордук Азия өлкөлөрү менен чектешкен бир катар түндүк аймактарындагы кырдаал олуттуу тынчсызданууну жаратып жаткандыгын белгилешет. Ошол эле учурда министрлер жаңы геосаясий чындыктын шарттарында Афганистан Ислам Республикасында (АИР) аскердик-саясий кырдаалды турукташтыруу жана тынчтыкты орнотуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү улантуу керек деп эсептешет. Ушуга байланыштуу жолугушуунун катышуучулары тынчтык жараянын алдыга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу кызыкчылыгында Афганистандагы жаңжалга тартылган бардык тараптарды күч колдонуудан жана туруксуздаштыруучу иш-аракеттерден алыс болууга чакырат.

Афганистандагы баарын камтыган жана туруктуу тынчтыкка афгандыктардын өзүлөрүнүн ортосундагы саясий жөнгө салуу боюнча түздөн-түз инклюзивдүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана жетишүүгө, афган элинин жетекчилиги астында жана мамлекеттердин жана эл аралык түзүмдөрдүн жигердүү жардамы менен Афганистанды жаңжалдан кийинки мезгилде калыбына келтирүүгө болот деп ишенебиз.

Биз узак жылдык согушту токтотуу жана Афганистандын бейпил, көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет катары калыптанышы боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу максатында расмий Кабул менен Талибан кыймылынын ортосунда конструктивдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт деп ишенебиз.

Ушуга байланыштуу биз бардык диалог аянтчаларынын, анын ичинде “Азиянын жүрөгү - Стамбул процесси” 9-Министрлер конференциясынын жыйынтыктарын эске алуу менен Стамбул процессинин (2021-жылдын 30-марты, Душанбе ш.), кеңейтилген “үчтүк” (Россия, АКШ, Кытай жана Пакистан) жана Афганистан боюнча консультациялардын Москва форматынын алкагындагы АИРдеги улуттук элдешүү боюнча аракеттерди кубаттайбыз.

Афганистанды дүйнөлүк чарбалык байланыштар тутумуна жигердүү интеграциялоого багытталган RECCA VII Афганистан боюнча Аймактык экономикалык кызматташтыктын жетинчи конференциясынын (2017-жылдын 14-15-ноябры, Ашхабад ш.) натыйжаларынын практикалык маанисин жана натыйжалуулугун баса белгилейбиз.

АИРдин социалдык-экономикалык түзүмдөрүн калыбына келтирүүгө жана “Тынчтык жараяны, коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык жана аймактык өз ара аракеттенүү” аттуу Афганистан боюнча Ташкент конференциясында (2018-жылдын 27-марты) иштелип чыккан жалпы ыкмаларга ылайык бул өлкөнүн аймактык экономикалык жараяндарга интеграцияланышына көмөк көрсөтүүгө багытталган демилгелерди жана кадамдарды улантуунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз.

Тынч жарандар курмандыктары болуп жаткан Афганистандагы террористтик чабуулдарды чечкиндүү түрдө айыптайбыз. “Ирак-Шам Ислам мамлекети” (ИШИМ), “Аль-Каида” жана башка эл аралык террористтик топтордун болушу жана ишмердүүлүгү АИРдеги, анын ичинде өлкөнүн бир катар түндүк аймактарындагы кырдаалдын туруксуздугунун негизги  компоненттеринин бири болуп саналат.

Афганистанда баңгизаттардын айдоо аянттарынын кеңейишине, баңгизаттардын өндүрүшүнүн жогорку деңгээлине жана террористтик топтордун негизги киреше булактарынын бири болгон курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тынчсызданып, АИРанын бийликтеринен бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча аракеттерди активдештирет деп күтөбүз.  

АИРдин өкмөтүнө жана элине жардам берүү боюнча БУУнун аракеттерин белгилейбиз жана Афганистандагы көмөк көрсөтүү боюнча БУУнун Миссиясынын (АККБУУМ), ошондой эле Борбордук Азия үчүн БУУнун превентивдик дипломатия боюнча Регионалдык борборунун ишмердүүлүгүн колдой тургандыгыбызды билдиребиз.

2021-жылдын 14-июлунда Душанбе шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана Афганистандын тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусунун “ШКУ-Афганистан” Байланыш тобунун форматында өткөрүлүшүн кубаттайт, 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында өткөн ШКУнун саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган Байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин “Жол картасын” ырааттуу ишке ашырууну улантабыз.

 

Маалымат булагы: Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги