БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын линиясы боюнча Россиянын Кыргызстанга азык-түлүк жардамы жөнүндө
2020-2021-жылдары Россиянын каржылоосунун эсебинен жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте кыргызстандык мектеп окуучулар жана жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй-бүлөлөр үчүн наркы 8 миллион доллар болгон 9 миң тоннадан ашык азык-түлүк сатылып алынган.
Жалпысынан 2008-жылдан бери Россия Кыргызстандагы азык-түлүк программаларын колдоого 96 миллион долларга жакын каражат бөлгөн, анын аркасы менен республиканын миллиондон ашуун жашоочулары азык-түлүк жардамын алышкан.