Кыргызстандагы мектеп тамак-ашы программасына Россиянын кошкон салымы жөнүндө
Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан 2023-2026-жылдары БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстандагы мектеп тамак-ашы тутумун өнүктүрүү боюнча долбоордун үчүнчү фазасын ишке ашырууга 15 миллион доллар бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
2013-2023-жылдары Кыргызстандагы мектеп тамак-ашын жакшыртуу программасын ишке ашырууга Россия 22 млн. доллар бөлгөн. Бул долбоордун аркасы менен республикада 200 миң бала мектепте ысык тамак менен камсыз болушкан. 850 мектептин ашканалары оңдолуп, заманбап ашкана жабдуулары менен жабдылды, 4 миң тонна байытылган буудай уну жеткирилди. Мектеп ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери үчүн кошумча 3 миң жумушчу орун түзүлдү.